Жогорку Кеңеш коомдук жай болуп саналат жана бул жерде Саламаттык сактоо министрлигинин бардык талаптарын аткаруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастан Жумабеков билдирди.
Ал кесиптештеринен жолугушууда отурганда беткаптарын чечпешин суранды.
“Бул коомдук жай, беткапты чечпей кийип отуруңуздар. Аппараттын кызматкерлери бул жерде иштешет. Сиздерди залда отурганда, имаратты кыдырып жүргөндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга үндөйм”,- деди спикер.
Буга чейин депутат Наталья Никитенко сөз сүйлөө үчүн микрофонго барып, беткапты чечип алган. Жумабеков микрофондун алдына барганда беткапты чечпөөнү суранды.
“Бул микрофонго депутаттардын баардыгы келип сүйлөшөт, сураныч, беткапты чечпей эле койуңуздар”,- деди Жумабеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ