Menu

Депутаттыкка талапкерлердин психикалык саламаттыгын текшертүү зарыл

Бөлүшүү:

Урматтуу кыргыз элим! Ушул жылы күзүндө Жогорку Кеңешке депутаттарды (партияларды) шайлоо болуп өтөт. Ошол шайлоо боюнча өз ойлорум менен бөлүшсөм дедим эле.

Биринчиден, ар бир кыргыз жараны (албетте, шайланууга жашы жеткенден баштап) эки жолу гана депутат боло алат жана эки жолу тең бир гана партиядан тизмеге киргизилип, ат салышат. Эмне үчүн ушундай болуш керек? Президентибизди деле өмүрүндө бир же эки жолу шайлап жатпайбызбы. Анда эмне үчүн өмүр бою депутаттыкка ат салыша берсе болот? Кээ бир депутаттар, партия лидерлери депутаттыкты кесип кылып алышты. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алгандан баштап ушул күнгө чейин депутат болгон жарандарыбыз бар (28 жылдан бери).

Эмне үчүн бир эле партиядан болуш керек? Эгер ушундай чечимге келбесек, биздин болочок депутаттар (азыркы, мурунку деле) бүгүн бир партияга, эртең башка партияга өтүп, бирин-бири сатып кете берет экен. Эгер жогорудагыдай кылсак, чыккынчылык азыраак болот беле?

Экинчиден, депутаттыкка талапкерлерге (партиянын тизмеси боюнча) «кыргыз тилин билүүгө милдеттүү» деген талапты койсок. Бизге сочинение же диктант жазып, түш жорубай эле коюшсун. Бирок, өз оюн туура түшүндүрүп, аларга жолугушууга келген жарандарыбызды туура түшүнө ала турган деңгээлде болсо деген гана тилек. (Кээ бир кыргыз депутаттар орусча жакшы сүйлөгөнүнө мактанышабы, орусча эле сүйлөп жатышат. Кыргызча эле сүйлөшсө туура болот эле).

Үчүнчүдөн, шайлоо бүткөндөн кийин депутаттар (өкмөт мүчөлөрү да) бийик трибунага чыгып, эл алдында ант берип жатышат. Ант – бул ыйык нерсе. Мен азыр өзүмчө ойлонуп жатам, ант берүүнуү депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө деги кереги барбы? Депутаттар антты Конституцияны кармап беришсе, Куранды Конституциянын үстүнө коюп ант берген депутат да болгон убагында. Аны дагы кабыл алдык, бирок ант бергенден кийин анын жоопкерчилиги да болуш керек. Эң кур дегенде антты (коркпой-үркпөй, уялбай өз милдеттерин өтөбөсө) бузгандардын депутаттык мандатын чакыртып алсак туура болот деген ойдомун.

Төртүнчүдөн, депутаттыкка талапкерлер «психикалык жактан оорулуу эмес» деген справкасын да кошо тапшырса. Эмне үчүн? Себеби, кийинки кездерде эл арасында «биздин депутаттардын ден соолугу жайында элеби?» деген суроолор туула баштады. Анткени, кээ бир депутаттар мурдун аарчый албай жүрүшүп, өздөрүн «элитабыз» дешет экен. Мен билгенден кийинки муундан И.Раззаков менен Т.Усубалиевдей «элитаны» көрө элекмин. Менин кыскача оюм ушул. Мүмкүн ушундай болсо туура болоор…

Бактыбек Закиров

Булак: “Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: