Туура бир ай мурун улуттук университеттин андагы ректору Чынара Адамкулованын борбордук бийликке кызматтан кеткендиги тууралуу арызы каралып, көп өтпөй Дип.академиянын жетекчилигине барганы маалым болгон. Коомчулук бул кадамды улуттук университеттеги бир ууч арызчылардын айынан болгондугун жоромолдошкон. Аныгында «иттин өлүгү башка жерде көмүлгөнү» маалым болууда. Ректор кезиндеги Адамкулованын кеңешчиси Назар Ниязов (кадимки Фарид Ниязовдун бир тууган үкасы) күн алыс университетке келип, (айлыгын алганы) жалпы саясаттан кабар алып кетип турган. Ошондой күндөрдүн биринде ректорго кирип, бир катар кадрдык жана университетке тийиштүү айрым маселелерден өзүнө ылайыктуудай чечүү үчүн Адамкуловага буйрук бергени, анча-мынча жерден өзүнүкүн бербеген Чынара айым кеңешчисинин «диктовкасына» кежирлене моюн толгосо, бир аптага жеткирбей кызматынан арыз жаздырышканын ачыктай алабы? Кызыгы, Адамкулованын арыз берип, кызматтан алынышын өзүнүн жакын курбусу, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, атургай аппарат башчы Сапар Исаков да билбей калышкандары чын беле? Килейген окуу жайдын жетекчисинин тагдырын ачууланган бир татар өкмөт башчыны баш, аппарат жетекчисин төш кыла аралаштырбай (министр быякта эле калсын), алеки саатта агасынын күчү менен чечип койгонбу? Башкасы бүткөнсүп, эми кыргыз кыйындарын тили буруулар кыйрата беришеби?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ