Ycөн аке, легендарлуу Үсөн Сыдыков ушу тапта Бакай жашына барганы менен али саясатта «крестный отец» бойдон экен. Анткени, жакында Оштун бир жайлоосунда саясаттагы эски бөрүлөр менен жаңы бөлтүрүктөрдү чакырып, масилет курушуптур. Өрүктөй эзилген жабагынын этин жегенче олтурушуп. Маңызы эмитеден эле мураскер атыгып алган Асилбек Жээнбековду кийинки президенттик шайлоого чейин «согуш» керек экен. Анткени, Жээнбековдор Ош жергесинде «авторитет» эмес экени ырас да. Ошондон улам, Үсөн аке «Саткын Жээнбековдорду президенттикке жолотпоо керек. Алар ал орунга жетсе биздин күн бүтөт» – деп күйгүлтүккө түшүптүр. Эмнеге минтип айтканы түшүнүксүз. Бул кабарды так ошол масилетте болуп, бирок бир аз тырчымайы бар адам айтып келди. Кызыктар алдыда окшойт. Үсөн аке ойгонуптур.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ