Menu

Алматыда мурдагы банкир Жомарт Ертаев 11 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Алматы соту мурдагы банкир Жомарт Ертаевди RBK банкынан дээрлик 330 миллион доллар (144 млрд теңге ) уурдоо иши боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратты.

Мамлекеттик айыптоочу ал күнөөсүн мойнуна алганын, тергөөгө көмөк көрсөткөнүн жана келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин, жашы жете элек балдардын атасы экенин эске алуу менен 11 жылга кесүүнү сураган.

Бул иш боюнча сот жараяны 2019-жылы декабрда башталган. Айыпталып жаткан 37 кишинин бирөө кайтыш болуп калган. Айыпталуучулардын арасында мурдагы банкир Бахыт Ибрагим, мурагы премьер-министрдин күйөө баласы жана президенттик администрациянын экс-жетекчиси, Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.

Соттолуучулардын көбү 2011-2017-жылдары кайтарымсыз насыя берүү аркылуу акча уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, алардын аракетинен улам банк 143,3 миллиард теңге зыян тарткан.

Ертаев RBK банкында эч качан иштебегенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: