Ноокат районунда шахтада бир адам газга ууланып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда КРнын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда 28-июну саат 20:35 Жин-Жиген айылында “Жин-Жиген” шахтасында 1 эркек киши газга ууланып, калып калган. Азыркы учурда анын аты-жөнү такталууда.
Жерине КРнын ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ