Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Өкмөттүн ишмердиги аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык камсыздоого багытталган”

Бөлүшүү:

Бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021- жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Президенттин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында 2018-жылы ишке ашырылган иш-чараларга токтолду.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердиги өлкө аймактарын мындан аркы өнүктүрүү жана экономикалык өсүүсүн камсыздоого багытталган. Аймактарда айыл чарба жана текстилдик өнөр жай тармактарында 2 кластерди жүзөгө ашыруу боюнча мастер-пландар иштелип жатат. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин бекемдөө максатында 2019-жылы жергиликтүү бюджеттердин пайдасына киреше салыгынан 50%дан 70%га чейин которуу ченемдерин көбөйтүү сунушталууда. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн потенциалын бекемдөө максатында киреше салыгын бөлүштүрүү көлөмүн жергиликтүү бюджеттин пайдасына 50%дан 70%га чейин көбөйтүү каралууда, ушунун эсебинен аларга 2,1 миллиард сомдон ашуун кошумча булактар берилет”,– деди.

Өкмөт башчы белгилегендей, келечекте киреше салыгын жыйноо жана пайдаланууну толугу менен жергиликтүү бюджетке которуу пландалууда.

“2019-жылдын республикалык бюджетинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында өздөрүнүн кирешелерин көбөйтүү боюнча 100 миллион сом салынды. Мамлекеттик экономикалык саясатындагы чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында аймактардагы өндүрүштү жандандыруу үчүн 2019-жылдын бюджетине 2 миллиард сом каралды. Бул каражаттар аймактарда экономикалык активдүүлүккө дем берүү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн багытталат”,- деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: