Menu

Депутат кайсы мамлекеттик ишканаларда айлык маяна көп экенин айтты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-октябрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарындагы чоң айрымачылыктар жөнүндө сөз кылды.

“Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары ар кандай? 3 миңден 60 миң сомго чейин алышат. Жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлер 3-20 миң алса, элге кызматы өтүп калгандар 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин алат. Бул элдин нааразычылыгын туудурат. Азыр бардыгына белгилүү: аэропортто айлык көп, “Мегакомдо” айлык көп, Бажы кызматында айлык жок болсо дагы, коррупция бар. Өкмөт ушуларды тастыктап, айлыктарды теңдеп, маселеге көңүл бурсаңыз. Биз дагы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тапшырма берип, ушул боюнча карап чыксак. Суу сактагычта жана суу тазалоочу объекттерде иштеп жаткандардын айлыктары 3 миңден 5 миң сомго чейин эле. Кошуна өлкөлөргө 80 пайыз суу берип жатканда суу сактагычтарда эмгектенген кызматкерлердин айлыгы эмнеге 5 миң эле сом?”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: