Menu

Баткенде бейтаптар дезраствор ичкен, бирөөсү көз жумду

Бөлүшүү:

Баткен облустук ооруканасынын психонаркологиялык бөлүмүндө дарыланып жатышкан бейтаптар дезраствор ичишкендиги аныкталды.

Баткен облустук ооруканасынын психонаркологиялык бөлүмүндө дарыланып жатышкандардын айтымында, 52 жаштагы А.Мансурбек өзү менен кошо спиртке окшогон 100-150 грамм суюктукту алып келип, анан ичип жиберген. А бир нече сааттан соң ордунан таптакыр турбай калган. Маркумга реанимациялык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, өзүнө келбей жарыкчылык менен кош айтышты. Ушул тапта аталган оорукананын реанимация бөлүмүндө дагы төрт сыркоо жатат. Алардын дагы акыбалы абдан оор.

Айтмакчы, А.Мансурбек Баткен облустук ооруканасынын процедуралык бөлмөсүнө капысынан баш багып, бош бөтөлкөгө дезраствор куюп чыккан. Анан муну менен ооруканада жаткандарды сыйлаганга дагы үлгүргөн. Бул убакта санитар жана медайым башка бөлмөлөрдө анализ алып жүрүшкөн. Ушул тапта бул жосунсуз жорукту ар тараптуу иликтөө башталды.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: