Menu

Шпаргалка жутуп, күлкү болгондо…

Бөлүшүү:

Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4 курсунун студентимин. Сынак туралуу окуп калып, өзүмдүн башыман өткөн окуя эске түштү.

Бул окуя былтыр, 3-курста окуп жаткан кезде болгон. Ушу күнгө чейин эстеген сайын күлүп калабыз. Биздин университетте экзаменде “кеңири” отуруу деген жок, дегеним шпаргалка колдонбойбуз. Ар бир экзаменде экиден байкоочу турат. Кокус кармалып калсак, жаза катуу. 6 айга ордубузга калып, жарым жыл окуганыңды кайра кайталап чыгасың. Бирок жашоону тобокелдик кооздоп турат эмеспи. Көз-ачып жумгуча экзамен да башталды. Байкоочу – биздин бөлүмдө иштеген Нургүл эже. Аябай сүрдүү, аны көргөндө жаттап алган теманы да унутуп коёбуз.

Мен өтүгүмдүн кончуна “пайдасы тийип калабы” деген ойдо шпаргалка же азыркы жаштардын тили менен айтканда “шпора” ала келгем. Экзамен ортолоп калганда тиземди тырмамыш болуп акырын алып чыксам, эже көрүп калып “Колуңдагы эмне, экзаменден чыгасың азыр” деп кыйкырып жиберди. Өзүмдү жоготуп, кагазды оозума салып жиберипмин. Эже түз эле жаныма басып келип, колумдагы кагазды талаша баштады. Ошол маалда кагаз ары кетип, тамагыма тыгылып калды. Какап-чакап жатам. Аудитория күлкүдөн жарылып кете жаздады. Кызарып-татара баштасам эже коркуп кетти көрүнөт, сыртка жүгүрүп чыгып суу алып келди. “Балээ болбодубу, бирдеме болсоң мен жооп бермек экем” деп группалаштарга кошулуп күлүп жатат. Мен болсо уялганыман жерге кирип кетейин дедим. Шпорам ашказанга кеткени менен экзаменди жакшы тапшырып чыктым. Бирок ал окуям бутүндөй университетке угулуп, факультеттер арасында өткөн КВНге да “жакшы” тема болуп берген. Агай-эжелерим азыркыга чейин “Жутуп алганың оң болуптур, түз эле мээге барган тура” деп тамашалап, күлүп калышат.

Мына эми студенттик күндөрдүн аяктарына 2 ай гана убакыт калды. Башыбыздан далай кызыктуу окуялар өттү. Бирок шпаргалка жутканым менин эле эмес, агай-эжелердин, группалаштарымдын эсинде түбөлүк калды окшойт. Студенттик күндөрдө эптеп окууну бүтүш үчүн эмнени гана кылбайбыз. Студенттик күндөр бул-жашообуздун эң бир таттуу кези десем жаңылышпайм.

Гүлпери Турганбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4 курсунун студенти

Булак: «Тамчы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: