Бишкек мэриясынан ишеним кетип, арасат абалда турганда, шаар кеңешинин төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин көрсөтүлүшү – коомчулукка чак түштөгү чагылгандай эле «тарс» этти. Эсиңерде болсо, Кубанычбек мырзанын атасы Камбаралы Конгантиев кандуу режимде башкы прокурор, ж.б. бир катар таасирдүү кызматтарда иштеген. Үкасы Молдомуса ИИМди жетектеп, кызмат абалынан кыянаттыкка шектелгени жалганбы? Бул өңүттө айта берсе арман көп, эми баарысы бүтүп, алардын балдары көрүнүктүү креслолорду мине башташса, революциянын түпкү мүдөөсү ушул беле? Бакиев заманында канчалаган буюртма адам өлтүрүүлөрдү, чындык тебеленгенин жана коррупциянын араанын унуттукпу? 7-апрелде канчалаган бейкүнөө мекендештерибиз ок жешип, ажал табышканы, дагы бир тобу жарадар болушуп, тирүүлөй кордукка кабылышканычы? Мындай жоготуулардан кийин Конгантиевдер улам бир жерден баш көтөрүшүп, элибизди мазактай беришеби? Ушунун баарына шыкакчы болуп атышкан бүгүнкү мыктыларга баракелде!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ