Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында 244 долбоор ишке ашып, ага 20 млрд, доллардан ашык каражат сарпталууга тийиш. Кыргызстанды 2020-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованын айтымында, алдыда адамдар үчүн өндүрүштүк инфраструктура түзүү зарылдыгы турат. Айрыкча мындай инфраструктуралык долбоорлор энергетика тармагында ишке ашырылып, алар өлкөнү транспорттук туюктан алып чыгышы керек. Экономикалык долбоорлор ар бир аймактын катышуусунда бөлүштүрүлүп, алардын өзгөчөлүктөрү колдонулат. Ошондуктан ар бир аймакта логистикалык борборлор түзүлөт. Ахметованын белгилөөсүндө, стратегия 244 инвестициялык долбоорду камтып, аларга 20 млрд, доллардан ашуун каражат керектелет. Ырасында сумма биздин өлкө үчүн өтө чоң каражат. Бул каражатты табуу оңойго турбайт. Ошондуктан өлкө жетекчилери стратегия кагаз жүзүндө калбашы үчүн жигердүү иштеши керек.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ