Menu

Видео – Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы

Бөлүшүү:

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды.

https://www.facebook.com/azattyk/videos/1069776019850732/

Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылы 594 медал ойнотулат. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.

Салтанатка Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Татарстан президенттери, Венгрия премьер-министри, БАЭге караган Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы күбө болушту.

Оюндарды чагылдыруу үчүн чет мамлекеттик 50 телеканал, он эки радио, 67 маалымат агенттиги, 48 гезит, 50 блогер каттоодон өткөн.

Арасында BBC радиосу, Казакстандын «Хабар» телеканалы, канадалык «Journal of Nomads», «Aljazeera network», кытайлык CCTV, The New York Times, National Geographic Society, Associated Press, нидерланддык NRC-newspaper, Abu Dhabi Media телеканалы, Associated Press, «МИР», «Россия сегодня», «ТАСС», ВГТРК, “Интерфакс”, German TV ZDF- Moscow office, Матч ТВ, Анадолу, TRT, TRT EL Arabia, «Өзбекстан» улуттук телеканалы, «Маданият ва маърифар» өзбек каналы, украиналык «Urkpress.info», «Image.ua» журналы, “Франс Пресс”, германиялык Sputnik news Deutschland, эстониялык «Корелла Фильм» киностудиясы, жапониялык «Tosei» жана башка маалымат каражаттары бар.

Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: