Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев БАЭ Эль-Фуджейра Эмиратынын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шарки менен жолугушту

Бөлүшүү:

Премьер-министр Бириккен Араб Эмираттарынын  Эль-Фуджейра Эмиратынын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шарки менен жолугушту, – деп өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Фуджейра Эмиратынын ортосундагы маданий-гуманитардык багыттагы жана туризм тармагындагы кызматташуулардын актуалдуу маселелери талкууланды. Түз байланыштарды жөнгө салууга жана маданий жана иштиктүү байланыштарды активдештирүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шаркиге Кыргызстанга келиши жана учурда Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шарки өз кезегинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жогору баа берди. «Дүйнөнүн көптөгөн элдери бүгүнкү күндө өздөрүнүн тарыхый жекелигин жоготууда, бирок сиздердин демилге көчмөн элдердин рухун, алардын маданиятын жана салттарын сактап калууну шарттайт. Бул идеяны ишке ашыруу менен сиздер дүйнөгө өз маданиятыңар тууралуу айтып берүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп жатасыздар », – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: