Menu

Кожобек “талаада” калбайт

Бөлүшүү:

Калтасында каражаты молдор деги качан “талаада” калганын көрдүк эле? Капчыгы калыңдарга көзүн кызартып турган лидер сөөрөйлөрдүн тукуму соолуй элек азырынча. Ошондон улам кайда барба акчалуулардын итинин тамагы майланышып, ал тургай анын мурдунан “сүйөр” адамдар да табылат. Анткени акчанын жытына “талгак” болгондор турганда байлардын заманы өкүмүн сүрө берет. Мындай турмуш болуп келаткан мындан ары карай да багытын өзгөртпөйт десек болот.

Маселен, -Кокуй Кожобекти эшиктен узатып коюшуптур- деген шыбың кептер айлананы каптады.  КСДП дагы далайлардын жонунан шапалак ойнотуп, катарынан тазалайт дегендин апыртмасы жок. Себеби, каракчыдай каптаган “өңү серт” мүчөлөрүнөн кутулууга убакыт келди. Рыспаевдин  “шектүү иштеринин” шиши толгондугунан күздүн келиши менен аркага тебилди. Бирок, капчыгында жашылбайлар туйлаган эпчилдер дагы бир партиянын этегине башын салып алары баарына маалым. Бул соккуну Кожокең жаздыктын парындай да сезген жок. Ал баары бир башка партиянын курамы менен “күрөшкө” чыгарын пландап койгон алда качан.  Балким куйругун шыйпаңдатса дагы бир лидердин көзүнө “тирсек” чыгарып арасына сиңип кетээр. Андайга маш болуп бүткөнү качан эргулдун. Болбоду дегенде Күмөндөрдүн үнүнө салып, күлдүрүп илибойдун тилин таап алат. Кандай болгон күндө да Рыспаев токочтуу бала да? Ошол үчүн “кысыр” калуу деген анын төлгөсүнө бап келбестир?

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: