Menu

Душанбеде алгачкы үч деңгээлдүү эстакада ачылды

Бөлүшүү:

Душанбеде Тажикстандагы эң алгачкы эстакада ачылды. «Дүйшөмбү- Турсунзаде аймактык жолунун Сино көчөсү менен борбордун батыш тарабына чейинки жолдун абалын жакшыртуу» долбоорунун алкагында курулган көпүрөнүн ачылышына өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Душанбенин мэри Рустами Эмомали катышты.

Өлкөдөгү алгачкы үч деңгээлдүү эстакада борбор шаардын 82-кичи районундагы Нусратулло Махсума жана Бобожон Гафуров атындагы көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан. Көпүрөнүн экинчи деңгээлинде айланма жол курулса, үчүнчү дэңгээли автоунаа көпүрөсүнөн турат. Мындан тышкары долбоордун алкагында жалпы узундугу 236 метрди түзгөн 4 жер алдынан өтүүчү өтмөк курулган.

Курулуш иштерин кытайлык «Синцзян-Бейсин» компаниясы аткарып, сапатын индиялык SAI компаниясы көзөмөлдөдү. Долбоорду ишке ашырууга Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Тажикстанга 35 миллион доллар насыя жана 3 миллион доллар техникалык жардам берген.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө 240 киши жумуш орду жана жогорку айлык акы менен камсыз болгон. Алардын 80 пайызын жергиликтүү адистер түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: