Menu

Видео – Түркмөнстан: президенттин ноутбуктары айрым 1-класстагыларга берилген жок

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жыл сайын 1-сентябрга карата президент тарабынан белек катары берилип келген ноутбуктар быйыл 1-класстагылардын бардыгына жеткен жок.

Маалыматка караганда, быйыл билим күнүндө Ашхабад шаарында 15, Балкан, Дашөгүз облустарында беш, Лебап жана Мары облустарында он мектептин 1-класска келген окучуулары президентик белекти ала алышкан жок.

«Марынын Сакарчага, Тагтабазар райондорунда, ошондой эле Лебап районунун Дянев жана Керки райондорунда убадаланган ноутбуктар берилген жок. Билим берүү бөлүмдөрүнөн белекти жеткирүүгө жетишпей калышканын айтышты. Бирок ата-энелер менен мугалимдер буга ишенбей, таптакыр берилбейт деп ойлоп жатышат», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Түркмөнстанда 1-класстагыларга окуу жылынын башталышына карата президенттик белек катары ноутбук берүү салты 2011-жылы башталган. Андан бери жыл сайын билим күнүндө мектеп босогосун алгачкы жолу аттаган окуучуларга персоналдык компьютерлер берилип келген. Былтыр түркмөн өкмөтү 2018-жылдын 1-сентябрь күнүнө карата Кытайдан 140 миң ноутбук сатып ала турганы кабарланган.

Буга чейин Түркмөнстан өзү ноутбуктарды чыгара баштаганы айтылган. 5-июлда өлкөнүн расмий басылмалары өлкөдө 100 миңге жакын компьютер өндүрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Түрмөн бийлиги ноутбуктар окуучуларга жеке колдонуу үчүн бериле турганын билдирип келет. Бирок ата-энелер менен мугалимдер ноутбуктар үчүн акча алынып, окуучулардан компьютерлерди мектепке калтырып кетүү талап кылынарын билдирип келишет.

Бир канча күн мурда «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы быйыл өлкө мектептеринин мугалимдери өз акчасына ноутбук сатып алып, анда иштөөгө үйрөнүүгө милдеттендирилгенин кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: