Menu

Акылбек Жаманкулов, депутат: Жакында саясый турмушубузда чоң өзгөрүүлөр болот

Бөлүшүү:

– Акылбек мырза, жайкы эс алуу учурунда шайлоочулар менен жолугушуп кайткан чыгарсыз. Алар кандай көйгөйлөрдү айтышты?

– Мен бир жарым айдай убактымды эл менен жолугушууга арнадым. Округдардын баардыгындагы көйгөйлөр негизинен бирдей эле. Бала бакча, таза суу, жол сыяктуу социалдык маселелер, билим берүү тармагындагы мүчүлүштүктөр. Алар маселени көрүп, жеринде чечишсин үчүн кээ бир жакынкы аймактарга өкмөттүн өкүлдөрү менен чогуу чыкканга аракет кылдык. Кагаз жүзүндө дагы, оозеки түрүңдө дагы көп суранычтар айтылды. Эми биз алардын үстүндө иштеп, элге жооп кайтарганга далалат жасашыбыз керек.

– Бул жолку сессияңар кандай болчудай?

– Мен ойлойм, өтө кызуу өтөт болуш керек. Азыр өзүңүздөр билесиздер, чоң тендерлердин аткарылышын текшерүү, комиссиялардын ишмердүүлүгү боюнча маселелер турат. Мисалы, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун, «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна, тарых музейинин ремонтуна жумшалган акча каражаттары… Айтор, көп маселелер бар. Анын баары биздин республиканын саясый турмушуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келет болуш керек.

– Жогорку Кеңештин сессиясы бүтөр алдында сизди «өкмөткө ишке кетет экен» деген маалымат тарады эле. Ал ошол бойдон чечилбей калдыбы?

– Ал маселе азырынча ачык бойдон турат. Биздин фракциядан ошондой сунуш болгон. Аңгыча эле биз эс алууга кетип калбадыкпы. Эми көрөбүз да…

– Өкмөттүн курамында иштейин деген каалооңуз барбы?

– Өзүмдүн жеке оюмча, мен депутаттык ишмердүүлүгүмдү жакшынакай алып барып жатам. Бирок, фракция сунуштаган соң мен барууга макул болгом.

– Парламентте сиз сыяктуу чындыкты бетке айткан, тайманбас депутаттар анчалык деле көп эмес. Анан алардын дагы бирөө өкмөткө кетип калса кандай болот дейм да?

– Маселе жалаң эле тил безеп сүйлөп, сындашта эмес да. Эмнеге жөндөмдүү экениңди, жумушту кандай алып бара аларыңды иш жүзүндө да көрсөтүш керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: