Menu

Үзүлбөгөн үмүт.. Азырынча күңүрт…

Бөлүшүү:

Бир кезде Италиянын “Спрут” аттуу тасмасын жабыла көрүп, комиссар Каттанинин мафиоздор менен болгон “согушунун” күбөсү болуп, асман жерге кулап түшсө да жеңиле койбогон коррупционерлердин анык жүзүнө таң берген болчук. Эми ал деген тиякта, алыста деп өзүбүздү жоошкотуп койчубуз. Эгерде ошондо кимдир бирөө жакын арада өзүңөр мафиоздордун тузагына чалынып, комиссар Каттанини издеп таппай боздойсуңар десе күлкү менен жыга чапмакпыз. Бирок, турмуш чындыгы ачуу тура…эгемен өлкө болгону билинип- билинбей аста-аста мафиоздордун жемине айланганыбызды сезбей деле калыппыз. Күлкүсүн тыйа албаган Акайчик пайдубалын түптөп бергени, коррупция ушундай гүлдөп, өнүгүп кетиптир… бүгүн алаканыбызды жайып турабыз. Ар бир келген президент (Акаев, Бакиев, Атамбаев) мындай жыргализмге өзүнүн бараандай салымын кошуп отуруп, бүгүн даңкы таш жарган Колумбияга жетпесек да, өтө жакын аралыкка бардык. Кудайга шүгүр, жарабыз шишип, ириңдей баштаганда, жарып салчу комиссар Каттани пайда болду бактыбызга. Албетте, бүгүн баары күңүрт.. ажо Жээнбеков “коррупция менен салгылашуунун башында өзүм турам, саясий эрким жетишет” деп ырасмий айтканы ар бирибиздин жүрөгүбүздү жылытып турган чак. Баягы эле үзүлбөгөн үмүт…Балээнин баары “койлорду бөрүлөрдүн” кайтарышында экендигине көзү жеткен ажонун күрөштү УКМК, ИИМ, сот, Баш прокуратурадан баштоосу жөн жеринен эмес. Азырынча “кескелдирик ыкмасы” колдонулуп жатат. Албетте, анын куйругун миң ирет кессең, кай­ра ошончо куйрук өсүп чыгышы бар. Ошо сымал бул ыкмадан соң кескин чараларды көрүү башталышы мүмкүн.

УКМКнын төрагасынын орун басарынын жолун кетмендөө-балким башталыштын башталышыдыр. ИИМдин, УКМК, Баш прокуратуранын лөктөрүнө “жыйынтык” күтөм деп эскертүү берилгени жөн жеринен болгон жери жок. Анткени, өздөрү коррупцияланып алышкандар кантип ошол коррупция менен күрөшөт. Бөрү койго качан дос болду эле? Качан? Өзбек ажосу Мирзиеев өзбек УКМКсын жазалоочу аталык сыңары сыпаттап, 1937-жылкы ыкмада иштеп келгендерин мойнуна койуп, бүгүн аларды баарын колунан жетелеп көчөгө чыгарып койду. Натыйжада, авторитардык болгону менен ба­ары бир өлкө “жеңилдей” түштү. Албетте, биздеги кырдаал деле алардан калышпайт. Бирок, ажонун “А” планы ишке ашса демократияга ыктап , жашап калган Кыргызстанда баары таптакыр башка нукта агып кетиши бар. Андай күнгө саналуу убакыт калды сыягы. Же кечээки көчпөгөн коррупцияланган көчтү улоо же… экинин бири. Экинчиден, шайтандаган башкаруу системасындагы башаламандык. Атайылап өзгөртүлгөн Баш мыйзам мына ушуга эбептен себеп болуп, премьер жуурканын өзүнө тартып, кадимки эле Кокон хандыгындагы бийлик талашка апаратат. Үчүнчүдөн, кыргыз атка минерлеринин кыйла жерге секирткен эки дүйнө тойбогон, сугалак кекиртектери… , ар-намысты, ыйманды сатып ийиши… же жөн эле иштин көзүн биле бербегендиги. Мисалга, 386 миллион (пайызы менен 480) долларга жаңыртылыган ЖЭБдеги кырсыкты текшерип баргандар (бөрүлөр) күнөөнү жумушчуларга оодарышып, чекеден куу чыгышы буга ачык күбө. Кырсыктан бир күн алдын атайын келип текшерип, баары “о кэй” экен деген биринчи вице Шадиевде (комиссиянын төрагасы) турбайбы күнөө… Ал эми холдингдин башы Калыевге чаңдын салмагындай сөгүш берилишине бүгүн айаалам күлүп отурат. Кудум эле Крылов абышканын “Бөрү менен козу” тамсилиндей. Демек, президент Жээнбековду абдан катаал, бирок байсал жол күтүп турат десек жаңылышпайбыз. Атпай журт колдосо, ашуулар айласыз багынат.

Булак: Кабар 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: