Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жемкорлордон 7 млн. 789 миң 713 сом өндүрүп, бирдиктүү эсепке которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Финансы полициясы буга чейин 150 млн. 787 миң 732 сом которгон. Жалпы сумма 158 млн. 575 миң 464 сомго жетти. Эске салсак, 3-июлда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн акчаны топтоо максатында финансы министрлигинин алдында бирдиктүү эсеп ачылган. Ал акча каражаты өкмөттүн чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. Ушинтип эле жемкорлордун капчыгы каңтарылып, тышкы карызды төлөөгө аз да болсо көмөк боло берсе экен деген аргасыз ойго келет экенсиң.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ