31-августтун алдында министр Кашкар Жунушалиев өздүк курамга жыйын куруп, соңунда орун басарларына сөз берет. Генерал Сүйүн Өмүрзаков «урматтуу кесиптештер, эртеңки майрамыңыздар менен…» деп сөзүнүн аягына чыккыча кызык кырдаал түзүлөт. Жунушалиев күтүүсүздөн орун басарынын сөзүн бөлүп, «майрам эртең болот, силер тарагыла» деп өздүк курамды залдан чыгарып жиберет. «Кызыл шапкечендер» мындай жорукка түшүнүшпөй, азыркыга чейин күбүр-шыбыр болуп атышканына күбө болдук. «Министр өзү оңдуу сүйлөбөй атса, Өмүрзаков маданияттуу сөз баштаса, эмнеге аны какты?» дешип, көпчүлүктүн нааразы болуп атышканы жашыруун эмес. Дал ушул көрүнүштөн соң, «ИИМде интрига жок» деп кантип айтабыз? Анан калса, Кашкар мырза кадр саясатын өзү тыңгылыктуу жүргүзө албай, «Акүй, Көкүйдөн айтты» деп, ыраатсыз нукка түшкөнү, а реформасы тескери кеткени кандай? Анан дагы «мен үчүнчү жолу министр болбойм» деген сөзү лакапка айланып кетиптир. Минтип кекенгенинде кандай сыр бар?
Бекбол Айдаров
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ