– Мурадыл мырза, КСДП депутаттары дээрлик эски-жаңы президенттерге ыкташып, эки жээкке бөлүнгөнүңөр ачыкталды. Сиз аягына чейин Атамбаев тарапта болосузбу же орто жолдон «ойт берип», айтылуу Асылбек Жээнбеков тарапка ыктап кетесизби?
– Эми лидерлер келет, кетет. КСДПнын программасы мен үчүн маанилүү. Кыргыз мамлекетинин келечеги баарынан жогору турат.
– Атамбаевди башка кесиптештериңизге салыштырмалуу сатпаганыңыздын сыры неде? Аягына чейин ал киши үчүн «туруп бересизби?»
– КСДПнын лидери бүгүн Атамбаев Алмазбек Шаршенович.
– Ал киши экенин билип жатам. Аягына чейин «туруп бересизби» ошол киши үчүн? Кайпактатпай, так жообун жазып берсеңиз?
– Мен так жооп бердим!
– Так жооп берген жоксуз. Так жооп мындай болбойт.
Калыгул Бейшекеев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ