“Укук коргоо органдары чек арадагы жарандарга коопсуздукту түзүп бере албасаңар, аларды камоого кандай укугуңар бар?” – деп суроо салды депутат Карамат Орозова бүгүн, 21-январь күнү ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы маселени кароо жыйынында.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бул суроого: “Мыйзамдын алкагында иш жүргүзбөсө болбойт. Элдин барын үгүттөп, жол тосуп чек ара кызматкерлерине да таш ыргытып, башаламандык жаратып жатышат. Биз мындай кадамга аргасыз баруудабыз” – деп жооп берди.
“Эгерде силер коопсуз абалды түзсөңөр, алар көчөгө чыкпайт эле го. Алар өздөрүн сакташ керек да” – деди эл өкүлү.
“Баткендин жергиликтүү кеңештин депутаттары көйгөйдү айтуу үчүн Бишкекте келишкен. Эмне үчүн аларды силер камап, суракка алып жатасыңар? Билем, силр муну коомдук тартипти сактоо максатында кылып жатасыңар. Бирок, сөз эркиндиги деген бар. Ар бир адам өз оюун айтууга укутуу. Ошондуктан мындай кадамыңар жакшылыкка алып барбайт. Камалган Көк-Таш айылынын тургундарын чыгарыш керек. Эл ушул үчүн нааразы болуп жатат. Милици эл менен бирге болушу керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзө албасыңар да, чекеден камайсыңар. Качанга чейин ушинтип адамдардын укугун тебелеп-тепсей беребиз?” – деп нааразы болду депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ