Ырынан чыры көп ТЭЦке дагы 1 миллион 200 миң доллар жумшалат. Улуттук валюта менен 81 миллион 849,6 миң сом болот. “Электр станциялары” ишканасы мамлекеттик сатып алуу порталына 1,19 миллион долларлык оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер жарыялады. Аталган каражатка мөөнөтү 40 жыл болуп кеткен кабелдик линияларды алмаштырып жана оңдоп-түзөө каралган. Ошондой эле жылуулук борбордогу жаңы коммутациялык жабдууларды курап чыгуу зарыл. Эскерте кетсек, 386 миллион доллар сарпталып реконструкцияланган ТЭЦте 2018-жылдын 26-январында авария болуп, шаар тургундары кыйынчылыкка кабылган. Беш күндөн кийин калыбына келтирилип, кырсык бир топ чыгымга учураткан. Андан кийин териштирүү иштери башталып, жоопкер бир топ жогорку кызматтагы аткаминерлер камакка алынган.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ