Menu

Фото – Милициянын полковниги баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-сентябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңги заттарды сатууга аракет кылган ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын улук оперативдүү кызматкери, милициянын полковниги Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Ж.А. мыйзамсыз сатылып алынган 1,5 кгдан ашык “кара куурай чайыры” (“гашиш”) баңгизатын 581 000 сомго сатууга аракет кылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмү (Сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү) боюнча катталды.

Кармалган Ж.А. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: