Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +13… +18,
Таласта түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +11…+16,
Баткенде түнкүсүн: +6… +11, күндүз: +14…+19,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +15…+20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +12… +17,
Нарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +13…+18,
Бишкекте түнкүсүн +5…+7, күндүз: +16…+18.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ