Menu

УКМК мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат

Бөлүшүү:

УКМК мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 20-июнда Атайын прокуратура кабарлады.

Алардын айтымында, 17-июнда Эмилбек Кимсанов 4-апрелге караган түнү аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганы тууралуу арыз жазып берген.

“Ал арызы ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 321-беренеси боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кароосуна өткөрүлүп берилди”, – деп билдиришти прокуратурадан.

Буга чейин адвокат мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановду сабап салган видеотасманы жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, ИИМ Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүйдө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. Кимсанов 20-февралда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, бир сутка ичинде Кыргызстанга алынып келинген. 22-февралда Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган. Анын адвокатынын айтымы боюнча, ошол учурда, белгисиз себептерден улам, тергөөчү алмаштырылган, бирок алар билген эмес, Кимсанов Бишкекке келгенде Ички иштер министрлиги тарабынан күч менен кармалган, ИИМ Кимсановду камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алганы, учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында экени белгилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: