Menu

Чыңгыз Айтматов – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улутттук агрардык Университетинин бүтүрүүчүсү

Бөлүшүү:

Ч.Айтматов 1948-жылы Айыл чарба институтуна кирип, 1953-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Жазуучу окууну бүткөндөн кийин, 50 жылдан кийин биринчи жолу 2003-жылы университетке келген. Ошондо Ч.Айтматов: “От алган очогума келдим” -деп, абдан толкунданганы эсимде. Өзүнүн айтуусунда, улуу жазуучу аспирантурага тапшырган, келечекте окумуштуу болууну ниет кылган. Бирок “Эл душманынын баласы делинип” аспирантурага өтпөй калганын, нечен ирет эскерген. Кийин 2008-жылга чейин жыл сайын, Люксембургдан отпускага келген маалдарда, жай айларында университетте өткөрүлгөн “Айтматов окууларга“ келип, катышып турду. Жазуучунун чыгармалары боюнча, студенттердин илимий баяндамаларын угуп, чыгармалар боюнча коюлган инсценировкаларды көрүп, Толгонайдын, Зарипанын, Танабайдын ж.б. каармандардын монологдорун угуп, залкар жазуучуга арналган ырларды студенттердин көркөм окуусунда угуп таң калып, чыгармалар боюнча жазылган ырларды созолонто ырдаган студенттерге ыраазы болгон. Ошондо Ч.Айтматов мындай деген: “Оо, баракелде, кыргыз мамлекетинин келечеги зор экен” – деп, агрардык багытта билим алып жаткан студенттердин көркөм чыгармаларды жогорку деңгээлде талдоого алып, ыр жазып, адабиятка, маданиятка, искусствого кызыгуу жараткандыгына чоң маани берген.

Ошондон бери агрардык университетте “Айтматов окууну” өткөрүү салтка айланып келет. Ч.Айтматовдун чыгармалары студенттердин көңүлүнө бүлүк салып, алардын жан дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн өндүрүп, адамгерчиликтин шооласын чачыратып, акыйкатчылыкты коргоп калууга үйрөтүп жана жаңыча ойлонууга түрткү берип келет.

Эң башкысы, студенггерди адеп-ахлактыкка тарбиялоо, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кругозорун кеңейтүү, интеллектисин жогорулатуу, жазуучунун чыгармалары аркылуу жаштардын көркөм-эстетикалык маданиятын калыптандыруу, адептүүлүккө тарбиялоо болуп эсептелет.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор , Нургазиев Рысбек Зарылдыковичтин демилгеси менен, Чыңгыз Айтмвтовдун 90 жылдык мааракесине карата жазуучунун кабинети капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кайрадан өзгөртүлүп, заманбап кабинети  жасалып бүткөрүлдү. Окуу жайда жакын арада жазуучунун мааракесине карата эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, улуу жазуучунун кабинетинин ачылышы болмокчу.

Дүйнөлүк адабият тарыхында өлкөсүнүн туусуна, символуна айланган атактуу ысымдар бар. Россия эли Пушкин менен, Германия -Гете менен, Анлия Байрон менен, Испания Лорка менен, Франция Бальзак менен сыймыктанса, ал эми кыргыз элинин маданий символу Чыңгыз Айтматов болуп калды. Анын таланты кыргыздардын руханий жана маданий мурасын дүйнөлүк адабияттын эң бийик баскычына көтөрдү.

Жазуучунун чыгармалары кылымдарды карытып, миң жылдар бою өчпөс жылдыз, соолбос океандай болуп дүйнөлүк маданиятта кала берет.

Ч.Айматовдун талыкпаган чыгармачылык изденүүлөрү жаңы көркөм ачылыштарды жаратты. “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” , “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повесттери жана “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасы түпкүлүктүү гумандуулук принциптердин одоно тепселиши, адам менен коом ортосундагы татаал карым-катыш сыяктуу олуттуу маселелерди көркөм аңдап-туюнууга арналган.

“Кылым карытар бир күн”, “Акыр заман”, “Касандра тамгасы” жана “Тоолор кулаганда” ж.б. романдары чыгармачылыгынын жаңы масштабга чыккандыгын далилдеди.

Аларда азыркы мезгилдеги жалпы планеталык маселелер чагылдырылып, дүйнөлүк адабиятта узак мезгилдерден бери көңүлдүн борборунда туруп келген, адам табиятынын фундаменталдуу оң жана терс башталмалары, жаратуучу жана уратуучу касиеттеринин ортосундагы келишпес күрөш, азыркы цивилизация кептелип турган адеп-ахлак-тык туюктар сыяктуу терең философиялык мааниге ээ салмактуу проблемалар чечмеленет.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кылымда сейрек келүүчү феномен жана сырдуу окуя десем жаңылышпасмын. Бул окуянын сырын ачыш үчүн бир нече муундардын интеллектуалдык мээнети талап кылынары шексиз.

Биздин элибиз XXI кылымда өзүбүздүн рухубуздун касиетин бекем сактоо менен бирге, улуттук туу сыймыгыбыз Чыцгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданий цивили-зациянын алдыцкы сабына чыга алат деген зор ишеним бар.

Батаканова Светлана – К.И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: