Menu

Алымкул аталык

Бөлүшүү:

Ушул жылдын май айларында Анжиян шаарына барып келдим. Чынында, Өзбекстандын Анжиян шаарына болгон чыгармачыл сапар мен үчүн күтүүсүз болду. Досум Кыяс Молдокасымовго жолугуп, андан Анжиян шаарында өтө турган, XIX кылымда Кокон хандыгынын учурунда кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан атактуу аскер башчысы, ошол мезгилдин коомдук саясый ишмери молдо Алымкул Асан уулу аталыкка байланыштуу эки мамлекеттин башын бириктирген тарыхчы, илимпоздордун конференциясы өтө турганын уктум. Ошко барып Нурбек деген иним экөөбүз Андижанга такси менен жетип бардык. Ал жерден Алымкул аталыктын урпактары менен жолугушуп, жүзмө-жүз маек алганга да үлгүрдүм.

-Сыдык аке, тагдыр экен сиздер менен Анжиян шаарында жолугушуп отурабыз. Алымкул аталык, лашкар башчысына атайын арналган конференцияга катышканы келип, өз мезгилинде Фергана өрөөнүндө атагы таш жарган инсандын урпактарына жолугуу вазипасы туура келди. Бабаңыз Алымкул лашкар башчысы туурасында эмнелерди айта аласыз?

Сыдык Жумабаев:

— Алымкул Асан уулу аталык, лашкар башынын ысымы эгемендүүлүктү алган жылдардан бери гана аты атала баштады. Молдо Алымкул лашкар башчысынын туугандарынан болом. Атым Сыдык. Айкындуулуктун шарапаты менен буга чейин айтуудан коркуп келген карт тарыхтагы атактуу инсандарыбыздын ысымдары ачыкка чыгып айтыла баштады. Буга чынында, лашкар башчысы Асан уулу Алымкулдун урпагы катары курсантпыз. Жетине албай кубанычыбыз койнубузга батпай турат. Алымкулдун атасы Асан деген болгон. Асандын төрт уулу болгон экен. Биринчи аялынан Мавлабек, Рахманкелди, Сары болот. Ошол Сарыдан эң чоңу Жолболду. Ал эми Жолболдунун кыздары болуп, андан эркек бала калган эмес. Уулу жок болгондуктан мазардын аты ошондон айтылып калган. Экинчи аялынан бир кыз, бир уул болуптур. Ошол эркек бала Алымкул болот. Кайтпас Карымович менен биз бир атадан тараган, эки бир туугандын балдары болобуз.

— Алымкул аталыктын урпактары азыркы күндө кай жерде жашайсыздар?

— Энди, Алымкул лашкар башчынын, Асандын урпактары да чачкын болуп кеттик. Асан, Темир ажы, Маматкул, Маткарим төрт бир тууган болот Конференциянын башталышында Жалал-Абад областынын башчысынын орун басары Акматов Мамасалы деген Алымкул лашкар башчынын бир атадан болуп кетет. Асандан Өзбекстанда жашап жаткан Кайтпас акалар бир атадан биз болобуз. Жалал-Абад областында туугандары, ошондой эле Кара-Сууда, Ошто кыздардын балдары бар. Биздин туугандар Өзбек республикасынын Андижан областынын Коргон-Төбө районунда жашашат. Күн-Тепе же Алымкулдун Таштагы деген тарыхый аты бар. Ошол Таштактан мен.

— Силер кыргыздын кыпчак уруусунун кайсы ургунан болосуздар?

— Биз кыпчактын таз уругунанбыз. Ал эми Токтогул жеринен Шамал-Бак айылы болот. Гуламкадыр абам көп нерселерди айтып берер эле.

— Сыдык аке, Кыргызстанда жашаган бизге окшогондор негизинен Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы Алымкул аталыкты гана билебиз. Гуламкадыр абаңыз айтып берген Алымкул лашкар башчысынын айырмачылыктары барбы?

— Бар. Гуламкадыр абам Алымкул лашкар башчысына ок тийген жерин башкача кылып айтып берчи эле. Гуламкадыр абамдын айтып бергени боюнча Алымкул лашкар башчысы ок жеп, оор жарадар болгон жери бар го.

— Алымкул аталык кай жерине ок жеген экен?

— Ок табарсыкка тийген экен деп Гуламкадыр абам айткан. Биздин жерлерди басып алганы келген орус генералы Черняевге Ташкендин чыга беришиндеги “Кокон дарбазасы жабылганча чыгып кеткиле!”-деп буйрук бериптир. Лашкар башчынын Медер менен Дос деген жакын туугандары жанында болот. Алар менен болгон окуяны кеңешип турган. Бир уруктун балдары болушкан. Лашкар башчынын абалары болгон да. Кийин ок тийип жаратынан каза болгондо ошолор Алымкул лашкар башчысынын жаназасында турушкан экен.

— Алымкул ата каза болгондо баласы Ташмухаммад жанында болгонбу?

— Жок. “Жарадар болгондо балдарды бул жактан тез алып чыгып кет!”-деп буйрук кылган экен.

— Лашкар башчынын канча баласы болгонун айта аласызбы?

— Алымкул аталыктын Ташматмырза, Шерматмырза деген балдары болгон. Ошол Шерматмырзанын кыздарынан тарагандар Араван районунда турушат. Калың өзбектердин арасында жашагандыктан тилдери да бурулуп бара жатат. Өзбектешип кетти десек да болот.

— Генерал Черняев Ташкентке кол салып киргенде, Алымкул аталык аскерлеринин башында өзү болуп чабуулга өткөндө, орустар тараптан эмес арт жагынан кол салуу болуп ок жегени талаш маселе болуп келет. Сиздер кандай маалыматтарды уккансыздар?

— Эми, оозеки укканыбызга карганда Алымкулдан тажаган адамдар өз аскерлеринин арасында да көп болгон. Аскер адамдары да Алымкул лашкар башчысынын тартибине чыдашкан эмес. Анткени тартипти өтө катуу кармаган аскер башчысы болгон экен. Орустар тараптан да, өзү жактан да душмандары жетиштүү болчу. Ал орустарга каршы, айыл жеринде аскер топтоп жатат дегенде ошолордун арасына атайын даярдалган адамды киргизип жалдашкан экен. Азыркы тил менен айтканда шпионаж да. Алымкул лашкар башчысынан тажашкан да.

— Кеч болсо да ким экени билинип, өлтүргөн адам кармалдыбы?

— Киши колдуу болгонун көп укканбыз. Бир адамды алдын ала Алымкул аталыктын жака белине киргизип даярдаган адам болгон экен. Сары деген чоң атабыз кол салып качып кеткен адамды артынан кубалап жүрүп Намангандин Төрө-Коргон деген жеринен жетип барып өлтүргөн деп айтканын укканбыз. Сары чоң атабыз анын башын керип туруп, курч бычагы менен дароо кесип салыптыр…

— Дароо өлтүрбөй, тирүү кармап келип Алымкул аскер башын өлтүрүүгө ким буйрук кылганын сурак кылса болмок экен… Өлтүргөнү табышмак бойдон калыптыр да. Ошол бойдон ким өлтүргөнү билинбей кала бердиби?

— Биздин эле жергиликтүү айылдан, туугандардан экен.

— Аны кантип далилдешкен?

— Сары чоң атабыз аны сойгондо башын кесип алып келип көрсөткөн экен… “Алимкул лашкарды атып өлтүрүп, башын жеген адам, мына ушул!”-дешип элге көрсөтүшкөн деп атамдар айтып калышчу. Аталыктын балдары да он төрт жылдай Кытайда туруп келишкен. Бул элдин арасында айтылган варианттар да. Гуламкадыр, Исманов Ынак дегендер кылган дешет… Кудайым буларга жеткизген эмес да. Ашыкча бир нерсе деп айта албайбыз да. Биздин туугандардын арасынан ар кандай кептерди укканбыз.

— Алымкул лашкар башчынын урпактарынан аттуу-баштуу чыккандардан барбы?

— Бар. Мына, мисалга айтсам Кайтпас акам эки институтту жакшы аяктады. Кайтпас акам Алымкул лашкар башчынын түздөн түз урпагы болот. Алымкул аталык өлгөндөн кийин он төрт жылдай анын балдары Кашкарда жашап турушкан. Биздин Таштакта чоңойгон жок. Ал Германия, Америкада көп болуп турат. Бир нече тилде эркин сүйлөйт. Өзбекстандын чоң кызматтарында иштеди, эл оозуна алынып, кадыр-барк күттү. Кайтпас акамдын баласы да Өзбек республикасынын Эсептөө палатасынын төрага орун басары болуп иштейт. Сүйлөгөн сөзүнөн байкасаңыз, биздей болуп кыргызчаны так сүйлөй албайт. Бирок тегин унутушкан жок. Биз окуган мектепте кыргызча окугандыктан кыргызча так сүйлөйбүз.

— Союз тарап эгемендүүлүк келгенден кийин өз туугандарыңарды издеп, таба баштадыңарбы?

— Ооба. Башта Алымкул лашкар башчысынын урпактарыбыз деп ачык айта алчу эмеспиз. Азыр Кудайга шүгүр тууган издеп, жакшылык-жамандыктарда катташа баштадык.

— Биз билген маалыматтарда Алымкул аталыктын көзү жумулганда баласына “Атаңдын сөөгүн кааласаң Коргон-Төбөгө же жаштыгы өткөн Бужум айылына, тага журтуна сөөгүн алып барып жерге бергиле!”- дегени чынбы.

— Ал көркөм чыгармаларда өтө эле көркөмдөп коюшкан жерлери көп. Алымкул лашкар башчысы туурасында “Жалын” деген китеп жарык көрдү. Эми анын авторлоруна мындай-тигиндей кылып жазып коюпсуздар деп айтууга укугум жок. Канткен күндө да көркөм чыгарма эмеспи. Биздин областтын Пахта-Абад деген жеринде Хабибулла деген дамбылла менен Шамсудинов экөө “Жалын” деген китепти жазышты. Мындай жазыпсыңар дегенге дилим барбады. Биздин аталарыбыздын айтканы боюнча башкача болгон экен. Ташкенттин он бир дарбазасы болуптур. Молдо Алымкул ичер суусу түгөнүп бараткан кезде Дос абабызды жанына чакырып, өзүн жыйнап туруп, “Менин абалым оор, адам болбой калдым окшойт. Сенден сураныч, менин балдарыма аталык милдетти алып Коконго кирбей Жакыпбекке баргыла, эч жерге токтобой түз эле Кашкарга өтүп кеткиле!”- деген экен. Мырзакул болуштун атасы чогуу болгон экен. Ошентип, Алымкул лашкар башчысы акылдуулук менен өз балдарын сактап калган экен.

— Сыдык ака, сиз Өзбекстанда төрөлүп өссөңүз да башка туугандарыңызга караганда кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экенсиз?

— Биздин бактыбызга жашаган жерибизде кыргыз тилинде мектебибиз бар. Ошон үчүн кыргыз тилинде жакшы сүйлөйбүз. Өзбекстан биздин өз тилибизде сүйлөгөнгө жакшы шарт түзүп бергенин да айта кетели. Акыркы учурда бир тууган эки мамлекеттин ортосунда карым-катнаштар жакшы жолго салынды. Эки өлкөнүн президенттерине да чоң ырахмат.

— Алымбек баш вазирди молдо Алымкул өлтүрттү деген сөзгө кандай карайсыз?

— Бул мага жагымсыз суроо… Андан кабарым жок…

— Мен берген суроо сизге жакпаганы менен элдин арасында айтылып жүрөт. Башка бирөөдөн уккандан көрө, бул маселени урпактары жакшы билет деген кыязда берип жатам.

— Менин санжырачыларым, атам Гуламкадыр Кенже уулу, Ынак деген абабыздан болгон чындыкты укканбыз. Алар өз аталарынан угушкан. Молдо Алымкул лашкар башчысынын Алымбек миңбашынын өлүмүнө байланышкан эч кандай кагаз документ жок. Молдо Алымкулга замандаш болгон адамдардан уккан уламыштар менен чоңойгонбуз. Андан ашык сөздөрдү айта да албайм. Бизди да хан ордону көргөндөрдүн балдары деп коюшат. Мен бир ирет, Коконго атайын бардым. Афтобачы, дасторкончу, колго суу куйгуч, эшик агасы, парваначы дегендерди кызыгып сүрүштүрүп чыктым. Ошол жерде бир аксакал адам “дасторкончу деген- дасторкон салып жүргөн эле адам эмес!”-деди.

— Ошол мезгилдин өз протоколу болгон да…

— Туура… Кудаяр хан жашаган ордого барганымда жанагы киши “мына бул жерде молдо Алымкул лашкар башы жашаган!”-деп анын үйүнүн ордун көрсөттү.

— Сыдык аке, молдо Алымкулду дайыма биздики деп кыпчактар, өзбектер, кыргыздар да талашып келишет. Кыпчактар-кыпчактар деп келишсе, өзбектер-өзбек, кыргыздар-кыргыз болот деп талашып келишет. Кимисине ишенсе болот?

— Эң эле туурасы кыргыз-кыпчак дегени эң туура болот… Биз өзүбүз да кыргыз-кыпчакпыз. Өзбекстандын жарааны болгонум менен паспортумда кыргыз деп жазылган.

Маектешкен Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: