Буга чейин далай күбө болдук. Алмазбек Атамбаев кайсы жерде пресс-конференция бербесин, дал ошол короодо «сөөк аңдыгандай» болушуп, Токтогул Какчекеев менен Бакыт Бакетаев пайда болушат да, журналистгерден сөз талашып, кошоматка кой сойгондой жагымпоздук суроолору менен жасакерленишет. Бул эки «дүжүргө» жана Марат Казакбаевге көпчүлүк эчак эле тоюп бүтүшкөн. Тилекке каршы, Какчекеев менен Бакетаев уялышмак турсун, 31-мартгагы Атамбаевдин пресс-конференциясында кайрадан беттерин табактай кылып алышып, ыңгайлуу суроо бергенге үлгүрүштү. Баракелде, жашасын «арзыматтар»!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ