Menu

Түркмөнстан: автожарыш алдында көчөлөрдү кол менен жууп жатышат

Бөлүшүү:

Эл аралык “Амуль-Хазар” автораллисине даярдык көрүү  – Лебап облусунун жашоочулары үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты. Жарыш 9-16-сентябрь аралыгында өтөт.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, автожарышка даярдыктан улам, автоунаа жолдору толугу менен жабылып, жашоочулар көчөлөрдү тазалоо иштерине мажбурлап тартылууда.

“Бюджеттик мекемелердин бардык кызматкерлери колдоруна чака алып, асфальт жолдорду үйдүн полдорун жууган кымбат химикаттар менен тазалашууда”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактагы өз булагы.

Түркмөнабад шаарынын четиндеги жолдор жабылды. Буга байланыштуу жумушка же ооруканага бараткан кишилер үчүн кыйынчылыктар жаралууда.

Мындан тышкары Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өтө турган жолдордун жээгиндеги али ача элек жашыл пахталардын башына ачылган ак булаларды жабыштырып жатышат.

“Амуль-Хазар” автожарышына түркмөн президенти Бердымухамедов өзү катышары кабарланды. Түркмөн телеканалдары өлкө башчысы уулу менен биргеликте унаасын Каракумда сынап, кумга тыгылып калган машинаны “чеберчилик” менен чыгарып жатканы тууралуу репортаж көрсөтүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: