«Ай-Данек» балдар гезитине чыккан анекдотко айрым ата-энелер нааразы болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда окурмандар билдиришти.
Алардын айтымында, аталган гезиттин № 1041 санынын биринчи бетине маданиятсыз анекдот жарыяланган. Аны Бишкектеги мектептеги балдардын бардыгы бул окуйт, себеби, бул гезитке жазылышкан. Экинчи мындай адекдотторду чыгарбоону талап кылышууда.
Эске сала кетсек, аталган гезит 32 жылдан бери чыгып келүүдө. Ал гезиттин негиздөөчүсү жана ээси белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ