Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Жаштар күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу жаштар! Кымбаттуу достор!

Сиздерди Жаштар күнү менен куттуктайм!

Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы.

Кыргызстандын жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат.

Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келесиздер.

Жаш мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн колдоо жана аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө.

Жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Жаштардан жаӊы идеяларды күтөбүз, инновациялык долбоорлорду колдойбуз, жаш  кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасын улантабыз. Майрамыңыздар менен, ардактуу достор!

Сиздерге бекем ден-соолук, бактылуу өмүр, ийгилик, келечектеги жеңиштерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: