Депутат Каныбек Иманалиевдин эки баласы тең чет өлкөдө окушат. Кызы Кунайым Иманалиева Англиядагы Эксетер университетине тапшырган. Маалыматтар боюнча окуу жайдын акысы жылына 15 миң долларды түзөт. Ал эми уулу Элимбек Каныбек уулу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Учурда ал Женева дипломаттык жана эл аралык мамилелер мектебинде окуйт. Аталган окуу жайдын бир жылдык төлөмү 8 миң доллардын тегерегинде. Айта кетчү нерсе, депутаттын киреше булагы болуп анын айлыгы гана эсептелет. Ал өзү декларацияда ушундай көрсөткөн.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ