Menu

Эмгек миграциясы жаатында азырынча чечиле элек негизги 4 көйгөйлүү маселе бар экени белгилүү болду

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирип жатканда биздин эмгек мигранттарыбыз 10 жеӊилдикке ээ болгон. Ошого карабастан, миграция жаатындагы айрым көйгөйлөр ушул кезге чейин толук чечилбей келет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев эмгек миграциясы боюнча көйгөйлөрдү талдап чыгып, негизги 4 маселе бөлүп алганын билдирди. «Биринчиден, мигранттарды «кара тизмеге» киргизүүнүн себептерин кайра карап чыгуу зарыл. Кээ бир адамдар жолдон туура эмес өткөндүгү үчүн деле тизмеге киргизилген учурлар да бар. Экинчиден, азыркы мыйзамга ылайык, эмгек келишими аяктаган адам 15 күнгө чейин ошол өлкөнүн аймагында жүрө алат. Бул мөөнөт өтө аз, аны 30 күнгө чейин узартуу керек. Үчүнчүдөн, 2018-жылдын 1-январынан тарта эмгек келишими бар мигрант медициналык жактан камсыздандырылат, бирок алардын балдары четте калууда. Ошондой эле, эмгек мигранттарын каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү зарыл», – деп, ал кыргыз тарап бул маселе боюнча ЕАЭБ комиссиясына кайрылганын, ал 4-мартта карала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, КСДП парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында эмгек рыногу, калкты иш менен камсыз кылуу, ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу маселеси боюнча маалымат угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: