«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Теребаевдин бар же жок экени билинбей калды. Эртелеп саясий “критке” кетти көрүнөт. Бул да болсо мурдунун учунан алысты көрө албаган, саясатты түшүнбөгөн мажүрөөлүктүн белгиси. Анткени Бакыт мырза өз күчү, акыл көрөңгөсү аркылуу эмес, атасынын кадыры, байлыктын күчү менен саясатка аралашкандыктан, дарамети чектелүү экенин көрсөтүп койду. «Эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» дегендей, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке алып келген партиясы мындан ары ашуу аша албай тургандай көтөрүм абалда. Мындан улам, Бакыт мырза келерки парламенттик шайлоодо бир кезде мурдун чуйруп, теңсинбей койгон «Эмгек» партиясынын этегин кармай турган болууда. Башка жолу жок, туюкта турат. Эч ким ишеним артып кошпойт. Бийликке болсо кандай кошомат кылып, айла-амал көрсө да жакпайт. Жактырган учурда да кол жоолук катары пайдаланышы мүмкүн. Андыктан саясий дымагы өчүп, ындыны куруп турган маал. Образдуу айтканда, шайлоодон кийинки «нокауттан» тура элек. Турган күндө да кыйратпай калды…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ