Жогорку Кеңештин экс-спикери, экс-депутат Асия Сасыкбаеванын 29 жаштагы Марат Айтимбетов деген баласы баңгизаты менен кармалганын Октябрь райондук милициясынан 7-сентябрь күнү кабарлашты. Милициянын маалыматына караганда, окуя жазында, март айында болгон экен. Экс-депутаттын баласы 0.591 грамм өлчөмүндөгү баңгизаты менен Бишкектеги кичирайондордун биринен кармалыптыр. Ал дароо Бишкектеги №1 абакка камакка алынган жана сотко 25 миң сом айып пул төлөгөн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ