Menu

БУУ: Быйыл Сирия өкмөтү үч жолу химиялык курал колдонду

Бөлүшүү:

Сирия президенти Башар Асаддын аскерлери быйыл бир катар аймактарды өз көзөмөлүнө алуу үчүн карапайым калкка карата үч жолу химиялык курал колдонду. Мындай бүтүмдү Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Иликтөөлөр боюнча көз карандысыз комиссия чыгарды.

Баяндамага ылайык, Асаддын күчтөрү январь жана февраль айларында калк жыш отурукташкан Чыгыш Гута аймагында ракеталардын жардамы менен химиялык чабуул жасашкан. Натыйжада 24 киши, анын ичинде 6 бала, 10 аял жабыркаган. Аларда жөтөл, кычышуу жана жүрөк айлануу сыктуу хлорго уулануунун белгилери байкалган.

Ушундай эле учур февралда Идлибде байкалган. Комиссия өкмөттүк армиянын тик учактары аталган провинцияда газ толтурулган эки баллон таштаганын аныктаган. Анда кеминде 11 киши жабыркаган. Иликтөө учурунда комиссия 400дөн ашуун күбөнү сураган.

Учурда БУУнун адистери 7-апрелде Дума шаарында болгон ыктымал химиялык чабуулду иликтөөдө. Reuters кабарлагандай, сокку учурунда 49 киши өлүп, 650дөн ашууну жабыр тарткан. Документтин авторлору Идлибге чабуул жасалса, гуманитардык катастрофа болорун эскертишүүдө.

Орусия менен Сирия химиялык курал колдонулганын четке кагууда. Москва Сирия оппозициясын “химиялык чабуул жасалгандай түр көрсөтүүдө” деп айтыптоодо. Пентагон Асадга жаңы ууландыруучу заттар колдонулса, өч аларын эскертти.

Соңку күндөрү БУУ, АКШ, Түркия жана башка өлкөлөр гуманитардык тобокелчиликтер жөнүндө эскерткенине карабасатан, Орусия менен Сириянын учактары Идлибди бомбалоодо. Бул провинцияда үч миллиондон ашуун киши жашайт, алардын үчтөн бири балдар болуп эсептелет. Москва, Дамаск жана Тегеран куралдуу оппозициянын акыркы таянычы болгон Идлиб провинциясын Асаддын толук көзөмөлүнө өткөрүүнү талап кылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: