Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери жана жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Алматы облусуна караштуу Таусугур айылынан 51 жаштагы кыргызстандык Зуура Боллоева табылды. Ал Ош облусунун тургуну болуп чыкты.
Маалыматтар боюнча, Зуура Боллоева 1995-жылы Казакстанга келип, тамеки талаасында иштеп жүргөн. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери документи жок, өз мекенине кайтып келе алган эмес. Эми аны Кыргызстанга алып келишти.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ