Menu

Президенттин «Асылбек иниси аркылуу иштерибизди бүтүрүп алабыз» дешип, тилекке каршы, тескери жооп алышканын эшиттик

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун толук кандуу президент болгонуна, мамлекетти башкаруусуна жана иш жүргүзүү стилине жакындан жана алыстан баа бергендер, сын айткан билермандар президентгин калыстыгына ыраазы болушууда. «Түз жолдо баратат» дешүүдө. Өзү башынан эле тазабы, же эски режимдердин сабагын катуу жаттаганбы, айтор, бир туугандарын бийликке эч жолотпой, кирген-чыккан адамдарга түздөн-түз өзү гана маселе чече турганын, убактысы болбой калганда аппараттагылар менен колун узартарын айтып атыптыр. Эки-үч чоң саясатчы «Асылбек иниси аркылуу иштерибизди бүтүрүп алабыз» дешип, тилекке каршы, тескери жооп алышканын эшиттик. Инисине «сен депутат катары экс-спикерлик аброюңду туура пайдалан, эл карап турат» деген сөздү катуу айта алса, а ошол эле сөздү кудасы Абжалиевдин мээсине жеткизди бекен? Айтмакчы, бир тууган бакиевдердикиндей «офистер» же «шопур-жансакчылар» сыяктуу көшөгө артындагы «эскиче жоруктар» азыр кайталанбай, баардык маселелерди президент өзү карап, талыкпай иштеп атканына алкыш айтабыз! Эми кыргыздын бузулган аткаминерлери да бара-бара түзөлөбү?..

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: