«Манас» аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуевге кылмыш иши козголуп, көрсөтмө берип жатыптыр. Буга байланыштуу аны кызматтан алуу маселеси көтөрүлүптүр. Натыйжада, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев Чукуевди чакыртып алып, “Сизге кылмыш иши бар, козголушу мүмкүн. Андан көрө арыз жазыңыз” – дегенди айтып «шантаж» кылганы айтылууда. Кызыгы, Чукуев Салиевдин «шантажынан» кийин айылына барып аттуу-баштуу аксакалдарды топтоп, Ак үй менен Көк үйгө делегат дайындап, “уулубуз сүттөн ак, кардан таза, аны кызматтан алуу акыйкатсыз жаза, анте турган болсоңор айыгышып кетебиз. Кылмыш иши деле жок турбайбы!” – дешип «Ормон опуза» кылып жатышыптыр. Өкүнүчтүүсү Салиевдин таза деңгээли жок тура. Ишмердүүлүгү мандемдүү болсо чакыртып алып «шантаж» кылбастан, «Манас» аэропортун тескеген Мүлкфонду аркылуу чара көрсө болмок. Же Мүлк фондунун башчысын Чукуев тоготпой коюп анан өзү шымаланып киришип, маселе чечкендеги кербезиби?.. Акыркы кездери Салиевдин кулагы чуулгандуу иштерден көп чыкчу болду. Адыраңдап кеткендердин аягы жакшы болчу эмес эле…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ