— Равшан мырза, экс-ажо Атамбаев менен жолуккан турбайсызбы. Жолугушуу тууралуу сунуш ким тараптан болду?
— Жолугушуу эки тараптуу макулдук менен болду. Ортодогу бир адамдар мага сунуш кылышып, ошол сунуш менен жолугушууга макул болдум. Профессионалдуу саясатчылар абал оорлоп келатканда сөзсүз түрдө бири-бирибиз менен сүйлөшүшүбүз керек. Идеологиялык, адамдык жактан эки тарапта болсок дагы, бул сүйлөшүү маанилүү деп мурунку президент Атамбаев менен жолуктум, сүйлөштүк.
— Биригели деген сөз болдубу?
— Андай сөз болгон жок. Атамбаев президент болуп турган убактагы ар кандай маселелерди, азыркы убактагы саясий абалды, Кыргызстан менен коңшу мамлекеттин мамилелерин, парламентаризмдин өнүгүшүн, ММКнын абалын, саясий абалдын курчуп келатышын талкууладык.
— Премьер-министр кылсаңыз биригем дегендей кылган турбайсызбы?
— Аны бирөө эле жазып койду. Премьер-министрди Атамбаев эмес, Сооронбай Жээнбеков чечет. Ал жерде андай сөз болушу да мүмкүн эмес. 7 жыл мурун сунуш кылса жакшы болмок. Ал кезде жактырбаган саясатчыларынын бири болчумун да. Бүгүн кыйын маалда жолугуп сүйлөшүүнү чечтим.
— Атамбаевдин таарынычы күч экени байкалдыбы?
— Жеке таарыныч баардык эле адамдарда болот. Ойлогон ойлору, пландаган көп иштери ишке ашпай калды. Сөзсүз түрдө таарыныч сезими болот да.
— Атамбаев өзүнүн башкаруу мезгилиндеги чыныгы кырдаал кандай болгонун түшүнгөндөйбү?
— 7 жыл президент болгон адам бат эле реалдуулукту түшүнүшү кыйын. Менин баамдаганым боюнча Атамбаев реалдуулукту түшүнүп келаткандай.
— Жээнбековдун ишин катуу сындадыңарбы?
— Биз эч кимди адам катарында талкуулаган жокпуз. Саясатты, бийликтин абалы бир топ оорлой турганын, экономика ага таасир берип жатканын сөз кылдык.
— Атамбаев кантип эле Жээнбековду сындаган жок?
— Сын сөздөр болду. Өзү дос болуп, президент болуп калышына активдүү катышкандан кийин андай сөздөр айтылат да.
Маектешкен Темирлан Токтоболотов
Булак:”Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ