Menu

Айтылуу агартуучу, кыргыздын кыраан уулу Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы айылында белгиленди

Бөлүшүү:

14-майда кыргыздын кымбат уулу Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы киндик каны таамп, туулуп-өскөн айылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында өткөрүлдү.

Эскерүү жыйыны Чырпыкты айылындагы К.Тыныстановго тургузулган эстеликтин алдында “Жарыгы өчпөйт жакшынын” аталышында башталды. Жыйын адегенде Касым Тыныстановго, анын жаркын элесин өчүрбөй сыймыктуу алып келаткан “Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинде» эмгектенип, бирок көзү өтүп кеткен мугалимдердин ар бирине куран окуудан башталды.

Касым Тыныстанов дегенде акылы заманынан алдыга озгон, жыйырманчы кылымдын башында Кыргызстанда илим-билимдин өнүгүп-өсүшү үчүн баа жеткис салым кошкон, бирок 37 жашында армандуу кеткен азамат көз алдыбызга тартылат. 35 жашында “кызыл профессор” аталып, кыргыз тил илиминин пайдубалын өз колу менен түптөп, адегенде арабчадан латын тилине, андан кириллицага өткөрүп, көптөгөн чыгармаларды, балдар үчүн ырларды, аңгемелерди жазып калтырган, Затаевич баштаган музыканттарды алып келип кыргыз музыкасын кагазга түшүрткөн кыргыздын чыныгы элитасынын бараандуу өкүлү болгон.

37 жашында эле 60-70 жылда жасала турган эмгектерди элине калтырып кеткен Касым Тыныстановдун акыркы сөзү: “Акталып чыгып калсаңар бала-чакама, элиме айтып койгула, мен акмын, мен үчүн алар баштарын жерге салбасын, акыр түбү чындыктын түбү, көзү табылаар, аны аман калган эл билээр” деп айткан дешет. Чындыгында ушундай болду. Элибиз илимге төө көтөргүс эмгек кылган уулун актап, эмгектерин баалап, атургай кыргыз тилинин грамматикасын ушу кезге чейин Касым Тыныстанов түптөп кеткен негизде окутуп келе жатат.

Бир кезде аны каралагандардын тилеги таш каап, Касым Тыныстановду бүгүн өз өлкөсү, эли баалап жатат. Буюрса, эки жылдан кийин Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленет, Кыргызстан эле эмес бүткүл түрк дүйнөсүнө анын эмгектерин жайылтып, даңазалай турган учур да келет.

Айтылуу агартуучуну эскерүү иш-чарасы мектептин директору Жыпар Иманалиеванын демилгеси, “Бирге окуйлу» долбоорунун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча координатору Бегайым Төрөгелдиеванын аракети менен башталды. Бегайым Төрөгелдиева уюштуруу комитетинин атынан мага жолугуп, өткөрүүгө жардам берүүнү суранды. Мен бул мектепте окубаганым менен, Чырпыкты айылы төркүнүм болгондуктан баш тарта албадым. Тескерисинче, кубануу менен кабыл алып сценарийин жазып, көмөк көрсөтө баштадым.

Мектепте мугалимдер үчүн ачык сабак, көркөм окуу, К. Тыныстановдун китебин колго жасоо, сахна үчүн К. Тыныстановдун чыгармаларынан чакан сценка коюу сыяктуу бир топ сынактар өткөрүлдү. Сынакта өздөрүн мыкты көрсөткөн мугалимдер менен окуучуларга Бишкектен атайын К.Тыныстановдун сүрөтү түшүрүлгөн грамоталарды даярдап барып ага бирден китеп кошуп, мугалимдерди, окуучуларды сыйладык.

Кыргызда жакшы кеп бар, “ Өлгөндөр ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши оңолбойт» деген. Анын сыңарындай, биринчи Касым атага кошуп, көзү өтүп кеткен эл агартуунун  өкүлдөрүнө куран түшүрүү керектигин туура көрдүм.  Экинчиден, ардагер 40 мугалим үчүн атайын айыл ичине Тамчы айыл өкмөтүнүн көмөгү менен автобус жүргүзүүнү өтүндүм. Ардактуу эс алуудагы бардык мугалимдерди Касым атанын эстелигинин алдында өтүүчү эскерүүгө алып келдик.

Бишкектен белгилүү журналист Аскер Сакыбаева, Ж.Баласагын атындагы КМУУнун педагогика факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, “Мугалим» журналынын башкы редакторү Рахат Сулайманованы чакырдым. Ал өтүнүчүмдү эки кылбай кесиптештери менен келип, ардагер мугалимдерге “Ыраазычылык кат» тапшырды. Мектептеги мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер эң жогорку деңгээлде даярданышыптыр. Иш чаранын экинчи бөлүгү айылдын маданият үйүндө уланды. Мектепке өз атымдан бир топ керектүү 30га жакын китеп тапшырдым. Бул эскерүү кечесин колдогон ушул айылдын кызы “Кыргыз радиосунун» музыкалык продюсери Рита Тилемишова да  Ч. Айтматовдун 10 томдугун мектепке тапшырды.

Ушу жерден эске сала кетчү маселе, Касым Тыныстановдун 110 жылдыгына карата КР Жогорку Кеңешинин ошол кездеги депутаты Бактыбек Иманалиев баштап, Чырпыкты айылынын тургундары колдоп, айылдын кире беришине Касым атанын эстелиги тургузулган. Ошондой эле азыркы учурда айылда курулушу аяктап жаткан мектептин курулушунун башталышына да Бактыбек Иманалиевдин салымы зор. Мындан тышкары жазуучу Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” аттуу тарыхый романынын жарык көрүшүнө Чырпыкты айылынын төрт жигити: Бактыбек Иманалиев, Бактыбек Уралиев, Эрнис Асанов жана Жээнбек Кулубаев демөөрчү болушкан. Мына ушундай мыкты эмгегин баалап, Тамчы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Р.Эсенгулов Бактыбек Иманалиевге “Ыраазычылык кат» тапшырды. Касым Тыныстановдун 118 жылдыгын өткөрүүгө жардам берген айылдын мыкты жигиттери Рерик Абакиров жана Азамат Исаевге да айыл өкмөт башчысы ыраазычылыгын билдирди.

Негизи К.Тыныстановдун эмгегин бүгүнкү күндө жетишсиз деңгээлде баалап жатабыз десем жаңылышпайм. Себеби азыркы учурда биз К. Тыныстанов тууралуу маркетинг-изилдөө жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен да жалпы коомчулукту тааныштырабыз.

Менимче, К. Тыныстановду эскерүүлөр туулган айылында гана эмес, жалпы республикалык масштабда өтүп туруусу зарыл.

Иш чарага катышкан КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Бактыбек Иманалиевге, Касым Тыныстановдун аталаш туугандары Бактыбек Уралиевге, журналист А.Сакыбаевага, Р.Сулаймановага, Р. Тилемишовага, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенгулов Руслан Урустанбековичке, өзгөчө уюштуруу иштерине чуркаган бардык мугалимдерге, Бишкектен журналисттерди иш-чараны чагылдырууга алып келип, каражат жагынан  демөөрчүлүк кылган Рерик Абакиров менен Азамат Исаевге терең ыраазычылык билдирем.

Эң негизгиси арбактар ыраазы болсун.

Айылдын ардагер мугалимдери бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп, Касым Тыныстановдун арбагын сыйлап, ардагерлерге урмат-сый көрсөткөндүгүбүздү баалап, мындан ары да Касым атабызды элге таанытып жүрө беришим үчүн ак баталарын беришти. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт “ дегендей, мага мындан артык сыйлык жок.

Айнура Майрамбек кызы

Фото сүрөттөр Жылдызбек Фархад уулуна таандык

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: