Кечээ Бишкек шаардык соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карады. Айта кетсек, 2-май күнү Бишкектин Ленин райондук соту айыпталуучулардын тергөө абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Ага макул болбогон жактоочулар шаардык сотко даттанып, экөөсүнүн бөгөт чарасын өзгөртүүнү, үй камагына чыгарууну жана кылмыш иштерин бөлүп кароону өтүндү. Сот бул өтүнүчтөрдүн барын четке кагып, экөөнү тең абакта калтырды. Эске салсак, Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ