Menu

Данияр Шабданов, Кара-Балта шаарынын мэри: Мени каралаткандардын артында ким тураарын билем

Бөлүшүү:

-Данияр мырза, «Замандаш» партиясынын өкүлдөрү сиз тууралуу ар кандай кептерди айтып жатышат. Ушуга жооп берип койсоңуз?

-Менин “Замандаш” партиясынын өкүлдөрү менен буга чейин эч кандай байланышым болгон эмес. Аларды мен таанычу деле эмесмин. Ал тургай партиянын жетекчиси ким экенин деле билбептирмин. Партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов экенин кийин билдим. Жеңиштин орун басары Улан деген жигит экен деп угуп жатам. Аны деле тааныбайм. Ыраматылык Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүү кезинде партия менен бир аз байланышта болгом. Муктар Өмүракунов раматылык жакшы саясатчы эле. Андан кийин партия тууралуу деле маалыматым жок. 2015- жылга чейин “Замандаштан” бир-эки бала шаардык кеңешке депутаттыкка аттанышкан. Алар менен мэр катары жакшы эле иштешкем, мамилебиз жакшы болчу. Анан эле акыркы бир айдан бери “Замандаш” партиясына эмне болду билбейм, далилсиз бир нерселерди айтып мени жамандап калышты.

-“Замандаш” партиясынын мүчөсүмүн деген бир жаш жигит социалдык сайттар аркылуу сизди жамандап чыкпадыбы, ал баланы мурда-кийин таанычу белеңиз?

-Жок, эч кандай таанычу эмесмин. Ал бала тууралуу эч маалыматым жок. Кара-Балтада мурда жашаган эмес экен. Панфилов районуна келип жашап жатканына 2-3 эле ай болуптур. Ал бала Кара-Балтада бир топ убакыттан бери жашагандай мени жамандоодо. Панфилов районуна келип жашаганына бир жыл болбой жатып шаардын абалын ал кайдан билет. Жыйынтыкты ушундан эле чыгарып билсеңер болот. Анын мен тууралуу айткандарынын баары жалган. Жаш баланын башын айлантып, мага каршы тукурган бирөөлөр бар. Алардын кимдер экенин жакшы билем. Коомго белгилүү эле инсандар. Алар балага дем берип, мени каралатып жатат.

-Сизге каршы тукургандар кимдер деп ойлойсуз?

-Ошол эле Жайыл районунда туулуп-өскөн менин байкелерим болушу мүмкүн. Алардын арасында Жогорку Кеңеште депутат болуп отурганы да бар. Убагында Кара-Балтага ээлик кылган, шаарды мен эле башкарсам деген жеңил ойго жетеленип алган. Жаштарга, иштеген кишилерге орун бергиси келбейт. Ошол сыяктуу эле байкелерим жаш баланы тукуруп жатат деп ойлойм. Ошондой эле бул жалган каралоолордун баары 2020-жылда боло турчу парламенттик шайлоого карата алдына-ала даярдык деп билем.

-Мэрди шайлоо калыссыз өткөн деген дагы маалыматтар айтыла калып жүрбөйбү?

-Шайлоодон кынтык издеп таба албайсыңар. Шайлоо азыр мурдагыдай эмес. Биометрикалык негизде бардыгы ачык-айкын, таза өтүп жатат. Элди, жергиликтүү кеңештин депутаттарын алдоого эч мүмкүн эмес. Эл шайлагысы келген партиясын шайлайт. Кара-Балтада жергиликтүү кеңештин шайлоосу өттү. Шайлоодо КСДП, “Мекеним”, “Эламан”, “Элдик” партиялары жеңишке жетип шайланды. Шайланып келген 31 депутаттын ичинен 29 депутат мени колдоп, көпчүлүк добуш менен мен мэр болуп кайра шайландым. “Замандаш” партиясы бир топ жылдык тарыхы бар, өлкөдөгү белгилүү партиялардын бири. Эгер андай аракети болсо шайлоого катышып жеңишке жетип, анан мени сындашса жакшы болоор эле. Мени сындап жаткан жаш жигит Кара-Балта шаарында көп жыл жашаган, шаардын абалын билген киши болсо мейли дейт элем. Анан жогоруда айткандай кечээ келип алып эле мени сындаганы таң калычтуу болууда. “Данияр Шабданов коррупционер” – дейт. Коррупционер экенимди укуктук талаада биринчи далилдеп берсин! Анан сүйлөшөлү.

-Кара-Балтанын учурдагы абалы кандай?

-Шаардын абалы жакшы. Жашылдандыруу, жарыктандыруу, тазалык, жол маселеси бардыгы тең өз убагында чечилип, иш жүрүп келе жатат. Албетте, көйгөй бар. Мисалы, кытайлар иштетип жаткан “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводунан мамлекеттик бюджетке бир топ каражат түшүп жатат. Буга чейин сатыктан эки пайыз салык деген шаардык бюджетке киреше түшө турган каржы булагы бар эле. Ошол алынып салынгандан бери район шаарлар, айыл өкмөтгөрүнөн бери бир аз кыйналып жатат. Учурда ошол маселе кайрадан каралат деген имиштер бар. Эгер ал ишке ашып кетсе Кара-Балта мындан дагы гүлдөп өнүгөт. Бирок каражат аз болсо дагы жеке булактар, долбоорлор аркылуу акча таап, шаарды өнүктүрүүгө, шаардын инфраструктуралык абалын мындан дагы жакшыртууга болгон аракетибизди көрүп иштеп жатабыз. Жаңы мэр болуп шайланганда, жылына шаарга бирден бала бакча ачып турам дедим эле. Мэр болуп иштеп жатканыма 7 жылдан ашып, 8 жылга жакындап баратат. Ошондон бери бир эмес, төрт бала бакча ачтык. Бишкекте 350 орундуу бала бакча эң чоң бала бакча катары ачылса, бизде Кара-Балта шаарында 500 орундуу бала бакча ачылды. Мына ушул сыяктуу бир топ маанилүү иштер аткарылууда.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: