Menu

Аалы Молдоканов, тилчи: Жер менен кошо тил да сатылып кеткен

Бөлүшүү:

Тил күнүнө карата Улуттук комиссиянын аксакалы Аалы Молдокановго суроо салдык.

Аалы агай, өткөндө эптеп бирдемени чолдураган талапкерди мэрге өткөрүп, катуу дүңгүрөдүңөр окшойт?

– Сүйүктүү партиябш менен өкмөтүбүз “ушул гана шаар башчыга жарайт” деп, жанына киши кошпой жападан жалгыз сүйрөп чыккан азаматты брак кылгыдай тилчилердин кулагы төртөө эмес да. Менимче, мэрдин тилинен эмес, ишинен чаң чыкканы жакшыдыр. Ал улуттук университеттин профессору эмес да. Менин түшүнбөгөнүм, Кыргызстанда эмне үчүн үч гана кызмат адамы – президент, Бишкек менен Оштун мэри тилден экзамен берет?

Калгандарга Конституциянын, Мамлекеттик тил мыйзамынын тиешеси жокпу? Мыйзамдын 8-беренесинде Жогорку Кеңештин төрагасы, Өкмөт башчысы, Жогорку, Конституциялык соттун төрагалары да жогоркудай жол-жоболордон өтөөрү жазылган. Бүгүн ал талапты аткармак тургай, кеп кылган бирөө жок.

– “Кыргызтест” деп эле кыйкырып жатасыңар, аныңар качан башталат?

– «Төөнүн куйругу жерге тийгенде» деген жооп ушундайда айтылса кбрек. Кыргыз тил мыйзамы, аны менен кошо жаралган «Кыргыз тили» коому 30га кадам таштады. Мен кышын кынашкан Тил комиссиясы 20га толду. Бул аралыкта жайнаган жарлыктар, толгон токтомдор токулду. Байболов, Карабеков, Курманов деген дили буруулардын карасанатай каршылыгына карабастан, 2004-жылы тил мыйзамы жаңыланды. Концепциялар, программалар пайда болду. Сен сураган «Кыргыз тестти» камтыган соңку программа болгону 6 барактан туруп, 6 жылга эсептелгени менен 600 миллионго чукул казына каражаты негизинен китеп чыгарууга каралган. Жооптуу комиссиянын көзөмөлүндө акчанын четинен бузуп китеп чыгарып баштаганбыз. Кыйкымчыл кыргыздардын оюна кетпесин, Бишкек ТЭЦинин аттиштеринен 600 эсе баалуу болсо да, биздин эң кымбат деген китебибиз ашып эле кетсе 600 сомго чыгат.

Ошентип акылман адамдар чийген план-мерчем менен программаны аткарып баштаганда, парламенттеги алардан кем эмес генийлер «Китеп кимге керек, бүгүн эл интернет окуйт, телефон, “айфонду” карайт» деп каржылоону токтотту көрүнөт. Эми сен сураган эне тилден тест, экзамен дегендер улам кийинки жылга, соңку жылга жыла берип, качан башталаарын бир Алладан башка эч ким так айта албайт. Баягы 30 жыд мурдагы бакчадагы бөбөк бүгүн орто жаштан ооп өзү ата болуп, балдарын орус бала бакчадан тарбиялап, орус мектебинен окутуп жаткан чагы. Бирин-серин кыргыз бала бакчага, мектепке баш багып көрүңүз. Ал жерде деле жаш муундар жаңылбай “улуу тилде” сүйлөшүп жатканын көрүп кубанаарыңызды же кейип-кепчириңизди билбей маң болосуз.

– Сиз анда, кыргыз тилинен башканы үйрөтпөгүлө деп үгүттөгөнү турасызбы. Кыргыз тили менен Кара-Балтадан ары өтө албайсың дегендерди эмне демекчисиз?

– Россиядан биздин мектептерге 500 ыктыярчы келатыптыр дегенди угуп сүйүнүп жатам. Мен да он жылдан бери ошону айтып жүрөм. Элеттеги мектептердин баарын орус, англис, кытай тилдерине которуп салсак гана! Биз андан бийиктегенден бийиктеп, эч кймге жемибизди жедирбей калат элек!

Ошондой болсо да бир нерсеге терең көзүм жетти. Башка тилдин баарын билели, бирок эне тилибиздин эбегейсиз энергетикасына сугарылмайын чыныгы адам болуу мүмкүн эмес. “Киргиз” болуп калгандардан бир түзүк киши чыкканын көрө элекмин. Ата энесин, мекенин көп сыйлабай кайырдин болуп калышат экен.

Мага шаардык болуп калган улуу адамдарыбыздын жармач урпактары жаман катуу таасир калтырды. Мар байке айтат: “Кам бар кыргызча сүйлө деп бизге эле кыйкыра берет экен. 60 жылды гына барсак аялы да, баласы да небереси да орусча сүйлөп турду.

Мен бул жагынан өз жолум менен кеттим. Мага окшоп калба сын деп аралаш окутканым менен балдарыма тарбияны нукур кыргызча бердим. Кызым телени: Маданият, тил, тарых каналын ” жылдан бери жетектеп, салтты Ат Башы менен Алайда чоңойгондордон кем билбейт. Менден мурда Маданиятка эмгек сиңирген ишмер болду. Бакчада да, башкада, да орусча окутан неберем кыргыз чылык жагынан энесинен отуп баратат. Көчө тарбиясына көндүрбөйүн деп, дагы бир неберемди түрк төргө бере койдум.

Тизгинди Тил комиссиясына бурсаңыз? Жыйырма жыл толуптур, сиздин иштегениңизге да жыйырма жыл болуптур.

– Жоготконум ата-бабамдын жорго тили болуп, Жогорку Кеңештеги жоон орто кызматымды таштап жооптуу катчы болуп, Абдразаков менен Акматов агаларым чакырганынан келгенимде, Аскар Акаевич жаркылдап, жаңы мөөнөткө шайлануунун айла-амалын көрүп жаткан кези экен. Комиссиянын күчү менен Куловдон кутулуп алган соң, эмнеге «общий домго» (кыргызчасы кербен сарай) асылат, булардын мага көзү түз эмес экен деп, Абдразаков менен Акматовду иштен айдады. Комиссияны Ак үйдөн кууп чыкты. Жан-жөкөрлөрү менен оолугуп отуруп кыргыздын жерин эле эмес, тилин да сатышты. Саткандары ушул – бир кылымдан бери кыргыз тилин кыл жылдырбай тушамыш салып келген орус тилин Конституциянын бөрүнө чыгарды. Акайычты колдоп чыккан «баатырлардын» баарынын атын атасам болот эле, бир мүчөм кыска, эртең эле бир кездеги Байболовго окшоп сотко сүйрөйт. Бозгун президенттер комиссияны 5 жолу жоюп, 5 жолу ордунан кууду. Дегеле бийлик башындагылардын же дили бузуктардын бизди жек көрүп турганы -мамлекеттик тил башка элдикине окшоп күчүнө кирип кетсе алардын орусташып калган балдарына, балдыздарына чаңураак кызматка жол жабьшып калып жатпайбы. Ошондуктан орус тилин ортомчу кылып, улуттун укугун кордоп, өздөрүнүн укугун коргомуш эткендерди кыргыздын тузу урсун деп наалат айткандан башка эч нерсе колдон келбей турат.

– Термин, котормону да комиссия тейлейбиз?

– Мен ошол бөлүмдүн башчысымын. Өмүр бою кылган ишим ушул экөө болду. Бала кезде атам, кийин Карасаев, Бектеновдор устатым эле. Союз убагында коомдук саясий котормону төрт эле киши аткарар элек. Азыр 400го жакындап кетти. Котормочу көбөйгөн сайын котормо бузулууда. Жогорку Кеңеште эле килейген 2 бөлүм иштейт. Которгон мыйзамынын аты “Бузуулар жөнүндө” деп аталат. Эмнени бузду деп баш катырасың. Сөз техниканы, бирөөнүн үй-бүлөсүн же айгырдан токтоп калган байталды бузуу жөнүндө эмес, укук бузуу туурасында экен. Андай болгон соң “Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы” десе кулакка жакшыраак угулбайт беле.

А.Атамбаев котормосунда жүздөн ашык ката бар экен деп Конституцияны өзгөрттү. Баш мыйзамда эле жүз ката болсо, анда башка документтерибизди бир кудай сактасын. Казактар 30 томдон турган тармактык термин сөздүгүн чыгарып, колдонуучулардын алдына коюп койду. Биз беш жылдан бери Термин комубузду Улуттук комиссиянын, Улуттук илимдер академиясынын, Өкмөттүн ортосунда ары-бери телпектетип, уюштуруп бүтө албай койдук…

– Мыйзам бузгандарды кандай жазалайсыңар?

– 600 берене жазылган Администрациялык кодексте мамлекеттик тил жөнүндө алты ооз сөз жок. Ушул убакка чейин тил үчүн бир жетекчи жазаланмак тургай, эскертүү да ала элек. Негизи эле комиссиянын статусу төмөн. Кыйналып турган мамлекеттик тил жагынан кырдаалды эске алып, бийлик башындагылар комиссиянын жетекчилерин, кызматкерлерин колдоп, баалап турушу керек эле. Маанилүү жыйындарда мактоо угуп, төрдө отурушса ылайык болмок.

Мурунку төрагабыз Эгемберди Эрматовду мурунку президентибиз А. Атамбаев бүт жетекчилердин алдында кагып-силкип: “Сенин оюңча Путин экөөбүз кыргызча сүйлөшөбүзбү?” – деп кекетиптир. Акын киши катуу сынган экен, кеселдеп жүрүп көзү өтүп кетти. Андан көрө, сиз Эрматов эмнеге тилин сыйлабаган жетекчилерди жаап-жашырасыз деп айланасындагыларды акырая карап койсо болбойт беле.

– Бүгүнкү мамлекет башчысы менен мамилеңер кандай?

– Бул кишиден жеке менин үмүтүм чоң. Тил дегенде тикесинен тураарын билебиз. Өкмөт башы кезинде эки маанилүү облуска штат ачып берген. Оштогу кезинде иш сапарына барганымда жогорку деңгээлде сый көрсөтүп, тил көйгөйлөрүн кенен талкуулаганбыз. Ошто тил жагынан маселе калбаптыр, Бишкек менен Чүй кыйнап жатат десем, «Чыдай тургула, ал жакка да кезек жетет», – деп убада кылган. Шайланып келгени атка түптүз минип, кирдеген коомду чоң тазалоого шымалана киришкени дароо эле эл оозуна алынып калды. Элчилерди биринчи эле кабыл алуусунда эне тилинде сүйлөп, бардыкжерде мамлекет башчысы мамлекеттик тилди колдонууда үлгү болууга тийиш экендигин көрсөтүп келатат. Бул адамдын ички руханий мүмкүнчүлүгү чоң экенин айтып да, жазып да келатам. Жакында жаңылануунун жел аргысы бизге да жетет деп күтүп жатабыз.

Тилек Рыскулов

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: