Menu

HRW: Кыргызстан «экстремизм» түшүнүгүн ашыкча кеңири мааниде пайдаланат

Бөлүшүү:

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлиги «тыюу салынган материалдарды сактоо» иштери боюнча жүздөгөн айыпталуучуларга өкүм чыгарууда «экстремизмди» «ашыкча кеңири» түшүнүктө колдоно турганын билдирди.

Уюмдун бүгүн жарыяланган баяндамасында өлкөдө тыюу салынган материалдарды сактоого айыпталган жарандар аларды таркатпаса же аракеттеринде зомбулук чакырыктары болбосо дагы үч жылдан он жылга чейин эрктеринен ажыратыла турганы жазылган.

Мындан тышкары баяндамада адамдарга алар камалгандан кийин экстремисттик деп табылган материалдарды сактоо айыптары тагылган учурлар белгиленген. Уюмдун өкүлдөрү сүйлөшкөн бир нече шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү маалында аларга тигил же бул материалдарды ырыгытып коюшуп, кийин ал боюнча тергөөнү токтотуу үчүн акча талап кылышканын айтып беришкен.

«Ачык эмес критерийлер менен экстремисттик деп табылган материалдарды сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу практикасы — саясий аттандаштарды, активисттерди, журналисттерди, адвокаттарды жана катардагы жарандарды негизсиз куугунтуктоого кеңири мүмкүндүктөрдү ачат», — деп билдирди баяндаманын автору Детта Тейлер.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: