Кызык эле көрүнүш. Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып, кийин Бабанов президенттикке койгондо Сооронбай Жээнбековго каршы иштеген Данияр Тербишалиев учурда президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун колтугунан орун алып, анын кеңешчиси катары “Атамбаевсиз КСДП” аттуу ураанды жамынып партия ичине бүлүк салып жатат. Эсиңе келсең, сенин КСДПга кандай тиешең бар дегенге кулак салаар түрү көрүнбөйт. Өзү “Республика” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер депутат катары тизмеде турат. Анан КСДПнын короосуна кирип кожоюндук кылгысы келгени кайсы акылга сыйсын? Бардан да президенттик шайлоодо Жээнбековго каршы иштеп, эми болсо алардын колтугуна баш катып алып, Асылбектин “кир иштерин” башмалдык атып аткарып жатканын көргөндөр жерге түкүргөнгө аргасыз. Ушундай самындай жылмышкан “бетсиздерди” Жээнбековдор айланасына топтоп алып, Атамбаевге каршы “курал” катары колдонушууда. Бул жакшы эмес. Арты жакшылык менен бүтпөйт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ