Menu

Чиркейлерди кубалаган Nopixgo электрондук браслети

Бөлүшүү:

Азыркы тапта ультраүндүү чиркейлерди коркутуучу ар кандай нерселер чыккан. Бирок, көптөр алардын иштерине ыраазы болбой келет. Nopixgo браслети деле ошондой эле чиркей кууган функцияны аткарат, бирок ал электромагниттик толкундар аркылуу иштейт. Чиркейлер ал браслеттин жакындап келе жатканын алыстан эле сезишет дагы браслетти тагынган кишиге жоломок түгүл, андан качышат. Гаджетти ойлоп чыгарган Курт Столлдун айтымында гаджеттен чыккан күчсүз толкундар чиркейлерге чагылгандай эле сезилет. Ошондуктан, алар мындай браслетке жакын жолобойт – дейт. Гаджет толкун чыгарса ден соолукка зыянын тийгизбейби? – деген да суроо пайда болушу мүмкүн. Гаджет ден соолукка зыянын тийгизбейт экен. Себеби, анын сигналы уюлдук телефондун сигналынан 100 эсе төмөн.

Nopixgo пластиктен жасалып, суу өтпөгөн тери менен капталган. Бир саат кубаттандырса бир жумага жетет дешет адистер. Октябрь айынын башынан баштап сатыкка чыгаары да белгилүү болду. Баасы 70 доллардын тегерегинде болот дешүүдө.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: