Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы д-р Ахмед бин Хассан Аль-Хаммади менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык, инвестициялык жана маданий кызматташууну чыңдоого багытталган иш-аракеттер каралып, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы кызматташууну бекемдѳѳ боюнча ой-пикир алмашуу болду. Элчи Нуран Ниязалиев Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында кыргыз делегациясы тарабынан уюштурулуп жаткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий аземге жана Борбордук Азиядагы уран калдыктары боюнча атайын жолугушууга катарлык тарапты чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ